Килемде спортчулар 55, 63, 72, 82, 97 кг салмак категорияларында күч сынашты.
Кыргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча курама командасы төрт медаль (эки алтын, эки коло) жеңди.
72 кг салмак категориясында Сүймөнкул Икрамов жана 97 кг салмакта Нарту Абдурахманов алтын медалга ээ болушса, 63 кг салмакта Сыймык Чолпонбек уулу жана 82 кг салмак даражасында Закир Турдиев коло медаль тагынышты.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/aziia-tynch-okean-surdochempionaty-kyrgyz-balbandary-t-rt-medal-zhe-di/