Акылбек Жапаров Манас айылынын жашоочулары менен болгон жолугушууда чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү кыргыз бийлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Ал Өзбекстандын бийлигинин ал жактагы кыргыздардын жашоо-шартын оңдоп жатканы кубандырарын айтып, аларды тарыхый мекени менен байланышын үзбөөгө үндөдү.
Өзбекстанда 2018-жылы "Ыңгайлуу айыл” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Манас айылынын инфраструктурасы бир топ жакшырган. Өзбек президентинин демилгеси менен айыл элин таза суу менен камсыз кылуу үчүн 6,5 чакырым суу куурлары тартылып, 41 чакырым узундуктагы коллектордук-дренаждык тармактар тазаланган.
34 көп кабаттуу үйдүн чатыры оңдолуп, соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө пункттары курулган. Мөмөлүү жана декоративдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулган. Мындан тышкары заманбап үй-бүлөлүк бейтапкана курулган жана эки жалпы билим берүүчү мектеп, бир бала бакча оңдоодон өткөрүлүп, тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган. Балдар аянтчалары, кичи футбол аянтчалары, стадион курулуп, тигүү цехтери ишке берилген.
Акылбек Жапаров Өзбекстанга иш сапар менен 8-мартта барган жана президент Шавкат Мирзиёев баштаган өлкө жетекчилерине жолуккан. Сапардын алкагында өкмөттүк деңгээлде 15 документке кол коюлду. Ал сапарынын алкагында бир катар өнөр-жай жана өндүрүш ишканаларын кыдырды.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32312984.html