Маалыматка ылайык, иш-чара КР президентинин администрациясынын өкүлү, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов баш болгон тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өткөрүлүүдө.
Белгиленгендей, өнөктүк КР президентинин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Ысык-Көлдүн флорасын жана фаунасына коркунуч туудурган суу алдындагы таштандылардан, балык уулоочу торлордон көлдүн акваториясынын булганган тилкелерин тазалоо жана суучулдук изилдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл (мурдагы Маяк) айылында расмий иш-чара башталды.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/ysyk-k-ld-k-ld-tashtandylardan-tazaloo-ishteri-bashtaldy/