АКШнын Киевдеги элчилиги Украина чыгышындагы өздөрүн «ДНР» жана«ЛНР» деп атап алган аймактардын паспортторун убактылуу таануу тууралуу Орусиянын чечимин сынга алды. 19-февралда элчилик Твиттер социалдык түйүнүндөгү баракчасына чечим жаңжалды жайгаруу боюнча Минск жараянына туура келбей турганын жазды.
18-февралда Орусия президенти Владимир Путин Орусияда Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын айрым аймактарында берилген документтерди таануу тууралуу жарлыкка кол койгон.
Жарлыкта так географиялык аймак көрсөтүлгөн эмес, бирок адатта мындай туюндурма «Донецк элдик республикасы» жана «Луганск элдик республикасы» деп аталган Донбасстагы орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймакты түшүндүрөт.
Жарлыктын текстине ылайык, документтерди таануу – бул Минск келишимдеринин негизинде «абал саясий жайгарылганга чейинки» көрүлгөн убактылуу чара.