"Эки күн мурда Орусиядан жарандар кайрылды, апасы менен кызы бирдей баңгизат менен кармалыптыр. Бул маселени көтөрүп, айтып жатабыз. Ошол жактагы наркобарондорбу, нарко бизнестин өкүлдөрүбү же органдар менен биргелешип иштеп жатышабы, билбейм мурда ак жеринен бирден түшсө, азыр үй-бүлөсү менен түшүп жатат. Миграция кызматына аба майдандарында, вокзалдарда алдын алуу иштерин жүргүзүп, маалымат бергиле деп айттык эле. Жакшы айлыгы бар, кыска учурда байып кетесиң, карьералык өсүш болот деген жарыяларга ишенбегиле, курьер деп алып силерди алдайт дегендей маалыматтарды таратыш керек. Чырактай балдар-кыздар камалып эми апасы, кызы камалып жатыптыр. Ушул боюнча ИИМ же ТИМ нота жөнөнөтүп, биргеликте комиссия түзүп карайлы. Эмнеге жарнама бергендер кармалбай, ошого алданып калгандар камалып жатат", - деди эл өкүлү.
Кадырбеков орус абактарында отургандарды Кыргызстанга эстрадициялоо иши дагы маселе жаратып жатканын белгиледи.
Расмий маалыматка караганда, учурда чет өлкөлөрдө 1282 кыргыз жараны абакта. Алардын 1077си (1205и эркек, 91и аял) Орусиянын 74 аймагында. Абакка кесилгендердин басымдуу бөлүгү баңгизат колдонуу, таратууга байланыштуу отурат.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Орусиянын түзөтүү жайларында миңден ашуун кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатканын айткан.
Кыргызстан менен Орусиянын Башкы прокуратураларынын өкүлдөрү 16-мартта орус абактарында жаткан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоо маселеси талкуулана турганын башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 14-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтты. Анын белгилешинче, 16-мартта Кыргызстандын делегациясы Орусиянын Башкы прокуратурасына барат.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32318945.html