Ар бир жеңүүчүгө 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө сыйлык, белек-бечкек тапшырылды.
Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун генералдык төрагасы Султан Раев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
"Мажар акыны Шандор Петөфинин "Сүйүү жана азаттык” аттуу ырын өз эне тилдерине которуу сынагына түрк тилдүү өлкөлөрдөн жүздөн ашуун акын, котормочулар катышты. Сынак соңунда ар бир өлкөдөн бирден мыкты котормочулар аныкталып, аларга Петөфинин туулган жери Кишкөрөштөгү салтанатта эл аралык сыйлык тапшырылды. Сыйлыкты Мажар парламентинин төрагасынын орун басары Шандор Лежак экөөбүз тапшырдык. Салтанатка мажар коомчулугу, маданият, адабият адамдары, элчилер катышты", - деп жазды Раев.
Сынактын жыйынтыгында Кыргызстандан акын Толук Бек Байзак, Азербайжандан Рамил Эхмед жана Барыш Жавид Мавусумулы, Казакстандан Даурен Бериккажулы, Өзбекстандан Рустам Мусурмон, Түркмөнстандан Акмурод Режебов, Туркиядан Дурсун Аян байгеге ээ болгон.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32324268.html