Оштун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында кар көчкү түшүп, үй-жайсыз калгандарга мобилдүү турак жай жана гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул ӨКМден кабарлашты.
Эскерте кетсек, кечээ таңда аталган аймакка кар көчкү түшүп, эки тамды басып калган. Ичиндеги 10 кишини кошуналар алып чыгууга үлгүрүп, алар ооруканага жөнөтүлгөн. Түшкө маал куткаруучулар кар алдынан жабыркаган бир үй-бүлөнүн 3 жана 4-класста окуган уул-кызынын сөөгүн таап чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү учурда жабыркагандардын бары шок абалында экенин кошумчалайт.