Нооруз майрамын утурлай уюштурулган иш-чарада диаспора өкүлдөрү жана студенттер конокторго Кыргызстандын туризм потенциалын айтып берди. Концерттик программа менен аяктаган кечеге ондогон мурнаулуктар катышканы кабарланды.
Кыргызстандыктар Ноорузду Германиянын борбору Берлин шаарында да майрамдашты.
Расмий эсепте Германияда 10 миңге жакын кыргызстандыктар жашап иштейт.
Учурда бул өлкөдө ондон ашык кыргыз диаспоралык уюмдары түзүлгɵн. Алар маданий-гуманитардык тармактарда ар кандай иш-чараларды, долбоорлорду ишке ашырып, Кыргызстанга ɵз жардамын берип келет. Алар ар кандай майрамдарда чогулуп, маданий, билим берүү жана спорттук иш-чараларды уюштуруп турушат.
Источник: https://www.azattyk.org/a/32326872.html