Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун, өзгөчө тоо-кен тармагындагы маселелерди талкуулашты.
Мындан улам Акылбек Жапаров И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында тоо-кен тармагын изилдөө боюнча кыргыз-япон факультетин ачууга кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде, Накаба Чимура тоо-кен тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул багытта Кыргызстандын чоң потенциалын белгиледи.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/akylbek-zhaparov-iapon-ishkerleri-menen-too-ken-tarmagyndagy-kyzmattashuunu-talkuulady/