Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдыев билдирди.
“Президент менен биргеликте Германияга барып келдик. Анда Евробиримдик Кыргызстанга берген каражаттын эсебинен 10 миллион евро Жалал-Абад облусуна бөлүнөөрү маалым болду”,- деди Сатыбалдыев.
Каражат гранттык негизде берилет. Ал акчанын эсебинен облустун бардык айылдарын таза суу менен камсыздоо пландалууда. Учурда облуста калктын 79%ы ичүүчү суу менен камсыздалган. Айтылган каражат бөлүнсө, калган айылдардын баарына таза суу чыгарылат. Шарт боюнча каржы беш жыл ичинде өздөштүрүлүп бүтүшү керек.
Аяна БЕРДИКУЛОВА