Бүгүн, 20-апрелде лиганын чейрек финалында "Интер” командасы "Бенфиканы” 5:3 (эки оюндун жыйынтыгы) эсебинде, "Манчестер сити” командасы "Баварияны” 4:1 эсебинде утуп алды.
Буга чейин "Реал” клубу "Челсини” 4:0 эсебинде (эки оюндун жыйынтыгы) утса, "Милан” командасы "Наполини” 2:1 эсебинде жеңди.
Мындан улам жарым финалга "Реал” менен "Манчестер сити”, "Интер” менен "Милан” командалары өттү.
Алгачкы беттеш 9-майда, ал эми жооптук беттеш 16-майда өтөт.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/futbol-chempiondor-ligasynyn-zharym-finalga-chykkan-komandalar-belgil-boldu/