"Таза абада сейилдөө, жаратылыштагы жазгы шишкебек — мунун баары узак кыштан кийин өзгөчө ырахат менен кабыл алынат. Бирок мунун ичинен айрым нерселер ден соолукка байланыштуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн", — дейт дарыгер.
Ошондой эле ал кандай жагдайлардан оолак болуу керектигин санады:
Жеңил-желпи кийинбегиле. Шаар ичи канчалык ысык болсо дагы тоодо, талаада жел болуп турат. Ашказанга суук тийгизип албагыла. Анын үстүнө ачык кийимчен адамды курт-кумурска чагып же кененин жабышып алышы оңой эле.
Күндөн коргоочу бет май зарыл. Көпчүлүк ага маани бербегени менен кышкысын күн көрбөй чыккан тери бат эле күйүп калат.
Шишкебекке "берилип" кетпеңиз. Отко, чокко бышкан эт ашказанга оңой оокат эмес.
Бат бузулган тамактарды албагыла. Себебин айтпаса дагы түшүнүктүү.
Источник: https://sputnik.kg/20230424/zharatylyshta-ehs-aluu-ehrezheleri-1074678205.html