Маалыматка ылайык, 24-апрелде Аламүдүн райондук милициясына арыз менен Б.С. аттуу жаран кайрылып, өзүн Сиддик деп тааныштырган адам февраль айында рак менен ооруган баласын медициналык жол менен айыктырып берем деп ишеничине кирип, 5 миң 500 АКШ долларын алып изин жашырып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.
Аталган факт Аламүдүн РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 41 жаштагы С.У.Р. аттуу Пакистандын жараны кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/rak-oorusunan-aiyktyruunu-ubadalap-akcha-algan-shekt-katary-pakistan-zharany-karmaldy/