Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
23:25
Кыргызстандын тайбокс боюнча курамасы Азия чемпионатында 18 медаль жеңди
23:24
Кыргыз-казак чек арасындагы абал турукташып, кезек жоюлду
23:25
Казакстандын УККсы чек арадагы фуралар боюнча көрүнүшкө түшүндүрмө берди
23:28
Кыргызстандыктар, өзбекстандыктар чек арадан эми ID-карта менен өтө алат
22:07
Диетолог стресстен оңой чыгууга жардам берчү азыктарды айтты
23:26
Кыргызстандык академик чек арадагы көйгөйлөрдөн улам казак бийлигине кайрылды
23:34
ЕАЭБде дары-дармек каттоону жөнөкөйлөтүү иштери жүрүүдө
22:51
ЕАЭБде курулуш темпи активдешти. ЕЭКтин алты ай боюнча маалыматы
23:30
Трансулуттук УКТ мүчөсү кыргызстандыктын $1,8 млн криптовалютасын ээлеп алган
23:26
Администрация: Садыр Жапаров “Барселонанын” легендалары менен таймашат
23:17
Бали! Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту
23:43
Өлүмдөн кийинки өмүр. Бүгүн ырчы Виктор Цой эскерилүүдө
23:03
ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү
23:02
Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи
23:01
Санкт-Петербургда кыргызстандык таксист келиндин төрөтүнө жардам берди
22:58
Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары салтанаттуу аяктады
22:57
КМШ оюндары. Самбо боюнча курама команда 3 медаль жеңди
22:56
КМШ оюндарында Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы күмүш медаль багындырды
22:51
Россиялык дарыгерлер Ошто кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасашты
22:48
Адистер кечки тамактан баш тартуу эрте өлүмгө кептээрин билдирди
22:18
КМШ оюндарында дагы бир күмүш! Мушкер Алмаз Орозбеков медаль тагынды
22:18
КМШ оюндарында дагы бир күмүш! Мушкер Алмаз Орозбеков медаль тагынды
22:10
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү — Россиядагы мигранттардын утушу
22:08
Холестеринди азайтат. Диетолог коондун пайдасы тууралуу айтып берди
23:01
“Сколково” резиденттери "Армия-2023" форумунда технологиялык жабдууларды көргөзөт
Бардык кабарлар

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж ТЭН даяр болуп, болжолдуу чыгымдар аныкталды

Жаңылыктар / Интеграция / Экономика
932
0

"Эгерде мамлекет башчылары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун каржылоо моделин бекитишсе, анда иш башталат. Техникалык-экономикалык негиздемеси бүткөрүлүп, ыңгайлаштырылууда. Учурда каржылоонун жалпы көлөмү такталууда, ал 3-5 млрд доллар деңгээлинде болот биздин аймактан 57 чакырым гана тоннел өтөт”, - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана адистер келечектеги темир жолдун трассасынын рельефи абдан татаал экенин белгилешүүдө. Долбоордун эң көп убакытты жана каражатты талап кыла турган бөлүгу эстакадаларды куруу жана тоо кыркалары аркылуу туннелдерди тешүү болуп саналат. Демек, аны ишке ашыруу мөөнөтү, башка нерселер менен катар табигый факторлорго, мисалы, бийик тоолордун татаал климаттык шарттарына, же тоо тектеринин катуулугуна жараша болот, мында тирөөчтөрдү тереңдетүү, галереяларды орнотуу жана тоннелдерди тешүү зарыл.

Адистердин айтымында, темир жолдун 280 чакырымдык бөлүгүн куруу 3-4 жылга созулат.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун флагмандык долбоор деп атаган. Төмөндө мамлекет башчысынын долбоор талкууланып жаткан маалда "Кабар” маалымат агенттигине берген маегин келтиребиз:

"Бул жол курулса, туңгуюктан чыгып, транзиттик мамлекетке айланабыз. Жаңы жумуш орундары пайда болуп, экономикабыз өнүгөт, тышкы карыздардан кутулабыз”.

Экономика үчүн транспорттук артериялар жапайы жаныбарлар үчүн сугат каналдарына окшош: алар өткөн жерде ландшафт толугу менен өзгөрөт, өсүү жана өнүгүү үчүн шарттар түзүлөт. Биздин экономика үчүн бул - инвестициялардын агымы, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы жана ишкердик активдүүлүктүн жогорулашы: суусаган өсүмдүктөрдү сугаруу менен барабар.

Саясат таануучу Марс Сариев Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү жаңы трансконтиненталдык жүк ташуу каттамын ачууга кызыкдар экенин, анткени жаңы логистикалык чынжырлардын түзүлүшү экономикалык өсүш үчүн мүмкүнчүлүк терезесин түзүп, аймактык кызматташтыкты арттырарын баса белгиледи. "Мындай транспорттук коридорлор канчалык көп түзүлсө, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар дос өлкөлөр үчүн ошончолук көп мүмкүнчүлүктөр ачылат. Бул долбоордун чоң келечеги бар.

Ал эми Кыргызстанга келсек, биз Каспий деңизиндеги деңиз портторуна түз чыгабыз, ал жактан бизге каалаган багыт ачылат - ал тургай Россияга, жада калса Европага да, Иран аркылуу Жакынкы Чыгышка жана андан ары карай дүйнөнүн каалаган жерине эң кыска жол болот”, - деди Марс Сариев.

Адистер чындыгында биздин аймак жаңы мүмкүнчүлүктөр жана реалдуулуктар менен кайра жанданган Жибек Жолунун борборуна айланып баратканын белгилешет. Кыргызстан өнүгүп келе жаткан соода жолдорунун кесилишинде турат жана Евразия континентиндеги негизги жүк ташуучу борборлордун бири болууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар.

Источник: http://kg.kabar.kg/news/kytai-kyrgyzstan-zbekstan-temir-zholunun-teosu/скачать dle 11.0фильмы бесплатно