Эске салсак, лонг-COVID Оорулардын эл аралык классификациясына расмий түрдө киргизилген.
"Кадимки коронавирус менен ооруган адам жыт жана даам сезбей каларын билебиз. Бирок узак мөөнөттүү COVID адамдын ар бир органын бутага айландырат", — дешти борбордон.
Анын кесепеттери:
- чарчоо, унутчаактык, апатия, кыжырдануу, агрессия, уйкунун бузулушу, эс тутумдун начарлашы;
- жүрөк-кан тамыр системасы жабыркайт, кан басымы жогорулап, аритмия, тахикардия пайда болот;
- ашказан сезгенет, тамак жакшы сиңбей калат.
Мындан улам медиктер ооруну алдын алуу үчүн эмдөөдөн өтүүнү сунуштайт.
Бул өзгөчө кант диабети, жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулар сыяктуу өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн маанилүү.
Источник: https://sputnik.kg/20230503/uzakka-covid-19-ehmnege-kooptuu-1074946666.html