Эркинов коррупцияга айыпталып жатат. Кененирээк маалымат бериле элек. Анын кармалганы кечээ айтылган.
Аталган фонд 2021-жылы түзүлүп, Эркинов ошондон бери иштеп келген. Фонд Кыргызстанда өзүн-өзү актаган долбоорлорго займ берүү, капиталына катышуу жана өлкө аймагында катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерин каржылоо максатында ачылган.
Эркинов эмгек жолун парламенттен катардагы кызматкер болуп баштаган, андан кийин Соода-өнөр жай палатасында иштеп, бизнес жана коомдук иштер менен алектенген. 2014-жылы Бангладештин Кыргызстандагы ардактуу консулу болгон.
Источник: https://sputnik.kg/20230505/venger-kyrgyz-onukturuu-fondu-ukmk-kamaldy-1075020235.html