Иш-чара Индиянын Панаджи шаарында өттү. Катышуучулар ШКУнун кезектеги Нью-Делидеги саммитине даярдыктарды жана Иран менен Беларусту уюмдун курамына кошуу маселесин талкуулашты. Ошондой эле аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Кулубаев ШКУнун "Коопсуздукка болгон коркунучтарга каршы механизмдерди жакшыртуу" боюнча чечимдерди ишке ашырууну улантуу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борборду Бишкекке ачуу демилгесин эске салды.
Министр ШКУ мамлекеттеринин ортосундагы транспорттук жана логистикалык байланыштар жаатындагы маселелерге өзгөчө көңүл бөлүү керектигин айтты.
"Кыргызстан энергетика, "жашыл" экономика, маалыматтык технология, санариптештирүү, электрондук соода жана креативдүү экономика жаатында ар тараптуу инвестициялык кызматташууну колдойт. Ошондой эле республика тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын эл аралык аренада алдыга сүрөөнү жактайт", - деген ал.
Жыйындын соңунда министрлер кеңешенин уюмдун алкагында кызматташуу боюнча чечимине кол коюлду.
Источник: https://sputnik.kg/20230505/shku-sammit-zheenbek-kulubaev-masele-1075038176.html