"Кээде буттун тырмактары өспөй калгандай сезим жаралат", — деген кардиолог.
Андан башка эгер төмөнкү нерселер түйшөлтсө, дарыгерге кайрылуу сунушталган:
- басып баратканда буттарда пайда болгон оору. Ал отурганда же жатканда токтоп калышы, басаңдашы мүмкүн;
- буттагы түктөрдүн түшүшү;
- тери бозоруп, калың болуп, көгөрө баштаса;
- буттар бат-бат "уктап" калса;
- согончок жарылып, анын айыгуусу кечеңдесе.
Көбөйгөн холестериндин белгилерин көздөн да байкоого болот. Ал көздүн кабатында же кычыгында сары так пайда болот.
Источик: https://sputnik.kg/20230521/kan-kholesterin-belgi-den-sooluk-1075512235.html