Командалардын чүчүгулак тартуу аземи бүгүн Азия футбол конфедерациясынын Куала-Лумпурдагы (Малайзия) баш кеңсесинде өткөн. Ата мекендик команда «B» тайпасында Катар, Түштүк Корея, Мьянма курамалары менен бирге жайгашты.
Эске салсак, тандап алуу оюндар 2023-жылдын 4-12-сентябрь күндөрүндө өтөт. Ал эми финалдык бөлүк 15-апрелден 3-майга чейин 16 команданын катышуусу менен 2024-жылы Катарда орун алат.
Азия биринчилигинин финалдык этабына жолдомо үчүн 11 группа бөлүнгөн 43 команда ат салышат. «В» тайпасынын оюндарын Чханвон шаары (Түштүк Корея) кабыл алат.
Белгилей кетсек, U-23 Азия Кубогу негизинде 2024-жылы Парижде өтө турган олимпиадага башкы үч орунду ээлеген командалар чыгат. Төртүнчү команда плей-оффто ойноого мүмкүнчүлүк алат.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/futbol-boiuncha-aziia-kubogu-u-23-kyrgyzstandyn-tandap-aluu-oiundaryndagy-ataandashtary-anyktaldy/