Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүндө курулуш иштери активдеше баштады. Тагыраагы, бул аймакта 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында өсүш 9,7 пайызга чыкканын ЕЭКтен билдиришти.
Бул жаатта Арменияда өсүш жогору экендигин 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырган төмөнкү сандардан көрүүгө болот:
- Арменияда – 48,9 пайыз;
- Кыргызстанда – 22,9 пайыз;
- Казакстанда – 12,3 пайыз,
- Беларуста – 12,1 пайыз;
- Россияда – 9,2 пайызды түзгөн.
Биримдиктин өлкөлөрүндө 61,9 миллион чарчы метрлик турак жайды пайдаланууга беришкен.
Источник: https://sputnik.kg/20230820/eaebde-kurulush-tempi-aktivdeshti-1077957571.html