Ведомство чек ара пунктуларында кошумча чектөөлөр кирбегенин билдирген. Бирок чек арачылар фураларды техникалык каражаттар жана иттер менен текшерген. Казакстандын өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатканын Sputnik Казакстан жазды.
УКК өткөн суткада "Ак-Тилек" постунан 350 машина киргенин айтууда. 80-100 автоунаадан турган кезек бар, бирок ал орточо көрсөткүчкө дал келери белгиленди.
Буга чейин Касым-Жомарт Токаев өкмөткө абалды жөнгө салууну тапшырган.
Ага дейре бир нече күн казак-кыргыз чек арасында жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралган. Казак тарап муну баңгизатка каршы текшерүүлөр жүрүп жатканы менен түшүндүргөн. Абалды жеринен көрүү үчүн Экономика министрлиги менен ЕЭКтин өкүлдөрү барган.
Источник: https://sputnik.kg/20230828/kazakstan-chek-ara-korunush-tushundurmo-1078157748.html