Кыргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасы Дүйнө чемпионатында 1 алтын жана 3 коло медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жатат.
65 кг чейинки салмакта Артур Акопян алтын медаль тагынды. Ал эми 48 кг чейинки салмакта Арлен Уланов, 55 кг чейинки салмак категориясында Тариэл Садырбеков жана 71 кг чейинки салмакта Бексултан Садыралиев коло медалга ээ болду.
Эскерте кетсек, чемпионат 3-сентябрда башталып, 11-сентябрда жыйынтыкталмакчы.
Источник: http://kg.kabar.kg/news/kr-surdo-grek-rim-k-r-sh-boiuncha-sp-r-md-r-kuramasy-d-in-chempionatynda-4-medal-zhe-di/