Маалыматта буга биринчи кезекте генетика себепкер экендиги айтылат. Андан тышкары, чач В12 витаминдин жетишсиздигинен да агарат.
"Бул витаминдин жетишсиздиги чачтын фолликулдарынын клеткасын алсыратып, меланиндин иштелип чыгышына тоскоол болот", — деген адис.
Ошондой эле В12 витамини жетишпеген учурда адам ар дайым чарчап, көздүн көрүүсү начарлап, булчуңдардын алсызданары айтылган.
Ал эми меланиндин азайышына калкан безиндеги оорулар менен тамеки чегүү себепкер болору кошумчаланган. Никотин кан тамырларды ичкертип, мындан улам зыяндуу заттар топтолуп, чачтын агаруусун шарттайт.
Источник: https://sputnik.kg/20230906/chach-ak-basat-daryger-tushunduruu-1078363963.html