Президенттин алдындагы инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кол коюлган документтерди тизмектеди.
Айта кетсек, 8-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Линь У менен жолуккан. Анын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын корпоративдик кызматташуусу боюнча конференция өттү.
Иш-чараны Акылбек Жапаров жана Линь У ачып, тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилешкен.
Источник: https://sputnik.kg/20230910/kyrgyzstan-kytaj-investiciya-kelishim-dostuk-1078485454.html