ЖККУ өлкөлөрү "Канал-Перехват” аттуу баңгизатка каршы субрегионалдык ири операция жүргүздү. Бул туурасында уюмдун маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чара 11-15-сентябрь күндөрү болуп, 12 миңден ашык укук коргоо кызматкери, чек арачы, бажычы, чекист катышты. Ошондой эле Кытай, Иран жана башка бир катар эл аралык уюмдар байкоо салганы белгиленди.
Жыйынтыгы:
- 897 кг баңгизат жана психотроптук заттар алынды. Катуу таасир этүүчү заттар жана прекурсорлор да алынган;
- 48 ок атуучу курал, ар кандай калибрдеги 2 773 ок-дары алынды;
- баңгизатка байланышкан 854 кылмыш аныкталды;
- 4 нарколаборатория жок кылынды;
- 399 адам кармалды, анын ичинен 44ү издөөдө жүргөн;
- тыюу салынган маалыматтарды тараткан 444 сайт аныкталды;
- 300дөн ашуун адам катышкан 50 миңден ашык каржылык операция аныкталды;
- операция учурунда аныкталган сумма миллиард рублден көп;
- биргелешкен күч-аракеттер менен ири трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ ачыкталды.