Ал глобалдуу маселелерге, көйгөйлөргө, геосаясий чыңалууларга токтолуп, бир катар чыр-чатактарды чечүү жолдорун Кыргызстандын мисалында айтып берди.
Глобалдуу көйгөйлөр, геосаясий чыңалуулар
Бүгүнкү күндө бүткүл аалам бурулуш учурунда турат. Биз баарыбыз дүйнөлүк тартиптин терс өзгөрүшүнө күбө болуп, ири державалардын жана алардын блокторунун ортосундагы геостратегиялык атаандаштыктын күчөшүн ачык-айкын сезип турабыз.
Геосаясий чыңалуу дүйнөнү регионалдык жана субрегионалдык, финансылык жана экономикалык блокторго, тутумдарга бөлүп-жарууга алып баратат. Өлкөлөрдүн жана өлкө топторунун ортосундагы ишенимдин төмөндөшү кооптондурат. Ошентсе да климаттык кризис, азык-түлүк коопсуздугунун коркунучу жана өсүп жаткан теңсиздик сыяктуу глобалдык чакырыктар жана тобокелдиктер, тескерисинче, эл аралык коомчулуктун мүчөлөрүн бириктирет деп ишенем.
Кыргызстан адамзаттын алдында тынымсыз пайда болуучу чакырыктарды чечүүгө уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттер тарабынан ыйгарым укук берилген жалгыз универсалдуу түзүм катары Бириккен Улуттар Уюмун чечкиндүү колдойт.
Борбордук Азия тууралуу
Орун алып жаткан глобалдуу процесстер бир жагынан Борбордук Азия регионундагы стабилдүүлүккө жана коопсуздукка түз таасир этсе, экинчи жагынан анын ролун жана маанисин күчөтүп жатат. Региондун өлкөлөрү менен мамилелерди чыңдоо — биздин өлкө үчүн эң жогорку приоритет.
Мен биздин аймакты экономикалык кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн бардык формалары ийгиликтүү түзүлгөн бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндик, эл аралык коомчулуктун мүчөлөрүнө өз ара аракеттенүүсүнө жана кызматташуусуна өз салымын кошкон геосаясий ортомчу, окшош маданий, тарыхый жана салттуу баалуулуктарды туткан жана колдогон жигердүү өз ара аракеттенип жана динамикалуу түрдө өнүгүп жаткан коомдор катары көрөм.
Кыргызстан аймактык кооперацияны күчөтүүгө өз салымын кошууга, кызматташтыктын жаңы натыйжалуу форматтарын табууга жана ошол эле учурда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда ар кандай дүйнөлүк таасир борборлору менен активдүү өз ара кызматташууга ниеттенет.
Кыргыз-тажик чыры же согуш отун басуу тажрыйбасы тууралуу
Туура бир жыл мурда ушул трибунадан чыгып сүйлөп жатып, өткөн жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу болгон кайгылуу окуялар тууралуу жүрөгүм сыздап, кабарлагам.
Тынчтыкты сүйгөн элибиздин сабырдуулугунун жана эки өлкөнүн саясий эркинин аркасында биз чыр-чатактын андан ары ырбап кетишине жол бербей, аймактагы кандуу согушту токтото алдык. Ушуга байланыштуу, Кыргызстан талаш маселелерди аймактык бүтүндүк, күч колдонбоо же күчтү колдонуу менен коркутпоо сыяктуу эл аралык укуктун принциптеринин жана ченемдеринин негизинде тынчтык жолу менен гана чечүүнү жактап келгенин баса белгилегим келет.
Биз эч качан бөтөн жерди басып алууга умтулган эмеспиз, бирок эч кимге өз жерибизди тартып алууга жол бербейбиз. Биз ар дайым диалог курууга жана региондо ишеним менен өз ара урматтоого негизделген өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө умтулабыз.
Былтыр декабрь айында, дээрлик 30 жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин биз Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны юридикалык тариздөө боюнча келишимге кол койдук. Эки мамлекеттин башчыларынын саясий эркинин аркасында жетишилген бул тарыхый чечим эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыгына жана тынчтыкта жанаша жашоосуна кеңири перспективаларды ачты. Биз башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдө дал ушундай мамилени карманабыз.
Биз бардык кошуналарыбыз менен тынчтыкта, ынтымакта жана достукта жашагыбыз келет.
Источник: https://sputnik.kg/20230920/sadyr-zhaparov-buunun-bashky-assambleyasynyn-sessiyasynda-suylodu-1078754710.html