Эки күн мурда Кыргызстандын Стамбулдагы элчилиги менен консулдугу каза болгон пилоттордун сөөгүн мекенине жеткирүү иштери боюнча иш алып барып жатканын билдирген.
Эске салсак, Түркияда Измир провинциясындагы токойдогу өрттү өчүрүү иштери учурунда тик учак кулаган. Төрт кишиден турган экипаж мүчөлөрүнүн үчөө кыргызстандык экени аныкталган. Кырсык "Тахталы" суу сактагычынан суу алып жатканда болгон. Алардын ичинен кыргызстандыктардын бири аман калып, ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк калган учкучтардын сөөгү табылган.
Источник: https://sputnik.kg/20230920/izmirde-kyrsyktagan-kyrgyzstandyk-pilottordun-soogu-bishkekke-zhetkirildi-1078757954.html