Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту

Жаңылыктар / Интеграция
1 677
0
Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмунун катчылыгынын имаратында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Анда Гутерриш Жапаров менен учурашып жатып Кыргызстан менен өзгөчө байланышы бар экенин, анткени ал өлкөгө БУУнун баш катчысы катары гана эмес, башка макамда бир нече жолу баргандыгын белгиледи. Баш катчы Кыргызстан туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү маселелери боюнча жакшы иштерди жүргүзүп жатканын баса белгилеп, бул багытта биргелешкен иштерди улантууга даяр экенине токтолгон.

"Антониу Гутерриш Садыр Жапаровго тоо экосистемаларын коргоо боюнча демилгелери үчүн ыраазычылык билдирип, бул көйгөйдүн маанилүүлүгүн айтты. Ал ошондой эле БУУ Кыргызстанга керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Президент Жапаров Кыргызстан БУУнун баш катчысынын жеке көңүл буруусун жогору баалай турганын белгилеп, өлкөгө көрсөткөн көмөгү үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди.

"Мамлекет башчысы аймактык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө Кыргызстандын келечекке болгон көз карашынын негизги элементи экенин белгиледи. Ал жаңы геосаясий шартта Борбор Азиянын ролу жана мааниси эселеп күчөп жатканына басым жасады. Андыктан аймактагы өлкөлөр менен кызматташууну бекемдөө ― Кыргызстан үчүн эң жогорку артыкчылыкка ээ экени айтылды", — деп жазылат маалыматта.

Жапаров Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюу жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аймактык талаштарды чечүүдө жана тынчтык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Өзбекстан жана Кытай менен бирге темир жол куруу долбоору аймактын инфраструктурасын жана транспорттук байланыштарын өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ.

Президент Кыргызстанда 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча иштер активдүү жүрүп жатканын өзгөчө белгиледи.

Бул контекстте мамлекет башчысы Кыргызстан туруктуу өнүгүү боюнча эл аралык рейтингдерде жогорку орунду ээлей турганын билдирип, бирок иш аягына чыга электигин моюнга алды. Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүк жаатында кызматташууну бекемдөө боюнча Кыргызстандын активдүү иштерин дагы бир жолу өзгөчө белгиледи.

Баарлашуу учурунда президент Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карыз жүгүн азайтуу боюнча демилгелерди колдой турганын, ошондой эле эл аралык коомчулукту тышкы карызды "жашыл" демилгелер менен алмаштырууга чакырарын айтты.

Жыйынтыгында тараптар тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого багытталган аракеттерди мындан ары да колдоого даяр экендигин ырасташты.

Источник: https://sputnik.kg/20230921/zhaparov-antoniu-guterrish-menen-zholugushtu-1078781921.html скачать dle 11.0фильмы бесплатно