Шаршенбеков атаандашын 4:3 эсебинде жеңди. Муну менен ал 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия алды.
Алдыда кыргыз балбанын башкы таймаш – финал күтүп турат. Анда ал япониялык спортчу Кэнъитиро Фумита менен кез келет. Бул беттеш эртең өтөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Айпери Медет кызы алгачкылардан болуп кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Андан кийин лицензияны грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен суучул Денис Петрашов уткан
Источник: https://sputnik.kg/20230922/zholaman-sharshenbekov-dujno-chempionaty-zhenish-final-1078841100.html