Кара-Суунун Шарк айылдык кеңешиндеги дайыны чыкпай жаткан депутаттар Тажикстандын "Бахористон" санаторийинен кайтып келишти. Алардын катарындагы төрага Абдусалам Юсуповдун билдиришинче, мурунку айыл аймактын башчысы Арстанбек Жолдошевди колдоп ушул кадамга барышкан.
“Депутаттар шайлоонун биринчи туруна чейин айыл өкмөттүн тургундары менен жолугушуп, Жолдошевди колдойбуз деп кеңешкенбиз. Ошондуктан шайлоонун экинчи туруна келбедик”,- деди Шарк айылдык кеңешинин төрагасы Абдусалам Юсупов.
Эске салсак, шайлоонун биринчи турунда Арстанбек Жолдошев менен Урайим Калматов ат салышып, депутаттардын 14ү экөөнө тен ишенбөөчүлүк көрсөткөн эле. Ал эми экинчи турунда башка жаңы 7 талапкер катталган. 16-февралда боло турган шайлоо 12 депутаттын келбегенинен улам 28-февралга жылдырылган.
Бирок БШК шайлоону жылдыруу боюнча акыркы чечим чыга электигин билдирди.
Аяна БЕРДИКУЛОВА, “Взгляд”