Каратэ боюнча улуттук команданын мүчөсү Адилет Шадыканов күмүш байгеге ээ болду.
Ал непалдык, сауд арабиялык атаандашын жеңип финалга чыккан.
Чечүүчү беттеште Олимпиада чемпиону ирандык Саджад Ганжзадеге 4:2 эсебинде жеңилип, 2-орунду ээледи.
Кыздар арасында Кымбат Тойтонова да каратэ боюнча таймашта коло медаль тагынды. Ал башында кореялык, бангладештик каршылаштарын жеңген. Бирок чейрек финалда кытайлык спортчуга утулуп калган. Коло байге үчүн беттеште камбоджалык атаандашын жеңип чыкты.
Источник: https://sputnik.kg/20231007/kyrgyzstan-aziya-oyundary-medal-karate-1079206422.html