Жакында Баткен облусунда Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясынын негизинде жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу, ар бир инсандын өзүнүн “Кыргыз жараны” экендигин аңдап-түшүнүүсү, жарандык атуулдукту, сабырдуулукту жана билим берүү, маалыматтык саясат аркылуу айырмачылыктарды урматтоого тарбиялоо, саясий, социалдык жана экономикалык катышууну кеңейтүү максатында “Биз-кыргыз жараныбыз” аттуу этно-маданий фестивалы болуп өттү.
Фестивалга ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигин өкүлдөрү, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Абдрахманов, Баткен облусундагы ар улуттун өкүлдөрү, шаарлардын активдери, районшаарларда жашаган этностук топтордун өкүлдөрү, райондогу, шаарлардагы, коомдук консультативдик этностор аралык кеңешменин мүчөлөрү, коомдук уюмдун башчыры, элдик кол-өнөрчүлөр катышышты.
Иш-чарада облустагы ар улуттун өкүлдөрү келген меймандарга өз маданияттары, салт-санаалары, улуттук тамак-ашы жана кол өнөрчүлүгү менен тааныштырды. Ошондой эле Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы мамлекеттик драма театрында жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө өкүлдүн орун басары Алишер Абдрахманов региондо 40тан ашуун улуттун өкүлдөрү көп жылдар бою ынтымакта, биримдикте, достукта жашап келишкендигин, улуттар ортосундагы ынтымакты бекемдөө, карым-катнаштарды өнүктүрүү максатында эбегейсиз жумуштар жасалгандыгын, анын ичинде республикалык, облустук масштабдагы түрдүү маданий фестивалдарды, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын иш-чара, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүлүп келгендигин баса белгиледи.
Катышуучулары тарабынан Кыргызстан көп улуттуу өлкө экендиги, анда 80ден ашуун улуттардын өкүлдөрү ынтымакта жана биримдикте жашап келе жаткандыгы айтылды. Ошондой эле 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында “Этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо” бөлүмүн ишке ашыруу багытында жана ирээттештирүү максатында Кыргыз элинин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы иштелип чыккандыгы айтылып, ага ылайык жер-жерлерде иш-чаралар өтүп жаткандыгы белгиленди.
Конференциясынын катышуучулары толеранттуулуктун маданиятын жайылтууга, достукту, өз ара сыйлашууну, калк арасында кошуналарга жакшы мамилелердин чыңдалышын күчөтүүгө чакырышты. Мындан сырткары:
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бардык бутактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жалпы коомчулук өлкөдө элдердин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чындоо максатында “Мен Кыргыз жаранымын», «Мен Кыргызстандыкмын» деген жалпы атуулдук бирдейликти түптөөнүн жана калыптоонун үстүндө өздөрүнүн идеялык иштерин күчөтүүсү зарыл экендиги, экстремизмдин, радикализмдин жана этникалык улутчулдуктун таасирлерин азайтуу максатында, калк арасында, айрыкча жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде жаштардын арасында коомдук алдын алуу иштерин уюштурууну күчөтүү абзел экендиги айтылды.