Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекованын билдиришинче, кечээ «Ата Мекен» партиясынын лидерин суракка алуу 11 саатка созулуп, түшкү тамактанууга да убакыт берилген эмес.
“Ата Мекен” партиясынын маалыматына караганда, Өмүрбек Текебаевди кармагандан бери 17 сааттан ашык тамактандырышкан эмес. Адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияга ылайык, кармалган адамга тамак бербөө психологиялык басым катары саналып, кыйноого барабар деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.
Сурак учурунда Текебаевди аны айыптаган орус жараны Леонид Маевский менен да беттештиришкен.
Кечээ Текебаев кармалып турган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында анын 500гө жакын тарапташы митинг өткөргөн. Алар Текебаевдин тез арада бошотулушун талап кылып, бийлик аны саясий негизде куугунтукка алып жатканын билдиришкен.
Өмүрбек Текебаев 26-февралда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга 48 саатка камакка алынган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн.
Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалды. 2010-жылдан кийин Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп эмгектенген Чотонов бул иш боюнча коюлган айыпты четке кагууда.