Бүгүн, 6-март күнү Жалал-Абадда КР Өкмөтүнүн өкүлчүлүгү тарабынан 8-Март аялдардын эл аралык майрамы белгиленүүдө.
Салтанатта облус жетекчи Кыянбек Сатыбалдиев майрам ээлерин куттуктоо менен бирге, аялзаты жашоодо теңдеши жок, асыл инсандар экенин белгилеп өттү.
Иш-чаранын алкагында облус аймагында алдыңкы аталган айымдар жергиликтүү бийлик тарабынан ардак грамота менен сыйланып, алкыш алышты.
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА