Бир кылымдан ашык жашаган эне азыр деле короо шыпырып, келиндерине жардамдаша коет. Убагында жылкычы, кийин колхоз жумуштарында иштеген эне узак жашоонун сыры- дайыма кыймылда болуп, сергек жүрүүдө дейт.
Алма Назарбекова 1901-жылда жарык дүйнөгө келген. Өз учурунда турмуштун оор соккуларына чыдап, согуш убагында тылда эмгектенген.
Алма апа Сузактын Жоон-Күнгөй айылынын тургуну. Өзү төрөлгөн айылга турмушка чыгып, жолдошу экөө 3 кызды тарбиялаган. Алардын улуусу 70 ке таяп калса, кичине кызы 60 жашта.
Эки кылымды көргөн Алма апа менен кабарчыбыз Кылымжан Азамат кызы маектешип келди.
Маалымат алынган булак: http://yntymak.kg/index.php/zhanylyktar/kyrgyzcha/item/23142-zhalalabaddyk-alma-apa-116-zhazyn-tostu