Бишкекте УКМКнын кызматкерлери 7,5 килограмм героин менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр 7-март күнү УКМКнын Өздүк коопсуздук кызматынын жана ИИМдин кызматкерлери менен бирге жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде кармалышты. Кармалгандардын арасында УКМКда мурда иштеп кеткен жана азыркы тапта иштеп жаткан кызматкерлер да бар. Алардан жалпысынан 7,5 килограмм героин алынды.
Кылмыш ишин ар тараптуу жана объективдүү тергөө үчүн материалдар ИИМдин Тергөө башкармалыгына берилди. Кармалгандар болсо Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.
Маалыматтын булагы: http://www.super.kg/kabar/news/179315/
Бекжан Рыскулов