Түркияда жекшемби күнү наарызылык акциясына чыккандардын бири Нидерланддардын Стамбулдагы консулдугуна кирип барып, падышачылыктын туусун түрктөрдүкүнө алмаштырды. Күн мурун эки өлкө ортосундагы чыңалуудан улам коопсуздук маселесине байланыштуу консулдук убактылуу жабылган.
Голландиялык дипломаттардын үйлөрү жана консулдук имараты полициянын кайтаруусунда болгонуна карабастан демонстрант өкүлчүлүктүн чатырына чыгып кеткен. Ал тууну алмаштырган соң “Аллоху Акбар” деп кыйкырып, качып кеткен. Бир нече мүнөттөн соң Нидерланддардын туусу өз ордуна коюлду.
Стамбулдагы Нидерланддардын консулдугунун алдына жүздөй адам чыкты. Алар Нидерланддардын бийликтери Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун учагын кондурбай койгонуна нааразычылык билдиришти. Акцияга чыккандар консулдуктун имаратынын алдына кара гүлчамбар коюп “Нидерланддар биздин чыдамыбызды сынабагыла” деп кыйкырып турушту.
Ушундай эле митинг Нидерланддардын Роттердам шаарындагы Түркиянын консулдугунун алдында өттү. Нидерланддардын тышкы иштер министри туунун алмаштырылышына байланыштуу билдирүү жасап, эки ортодогу кырдаалды “түшүнүксүз” деп атады. Нидерланддардын өкмөтү Анкара Түркиянын аймагындагы бардык дипломатиялык миссиялардын коопсуздугу үчүн жооп берерин эскертишти.