Мындай буйрукка бүгүн, 14-мартта Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
“Эс алуу жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында КР Эмгек Кодексинин 113-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конститициялык мыйзамынын 10-17- беренесине ылайык жумуш күнүн которуу жөнүндөгү токтомго кол койду”,-деп айтылат маалыматта.
Токтомго ылайык 21-март Нооруз майрамын майрамдоого байланыштуу ишканалардын, мекеме-уюмдардын жана жумасына беш күндүк графикте эки күн эс алуу менен иштеген кызматкерлер үчүн 2017-жылдын 20-мартындагы жумуш күнү, 2017-жылдын 25-март жумуш эмес күнүнө жылдырылды.
Ошентип, кыргызстандыктар 18-19-20-21-март күндөрү эс алышат.
Аяна БЕРДИКУЛОВА