Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Өкмөттүн Кытай Эл Республикасынын аймагындагы кыргыз жүк ташуучуларынын айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча жумушчу кеңешмеде айтты.
Жамшитбек Калилов маалымдагандай, буга чейин министрликке жүк ташуучулардын өкүлдөрү кайрылышып, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук районунда бажы пунктунда 100гө жакын жүк ташуу каражаттары турганын, аларды автоунааларынын чиркегичтери жана жарым чиркегичтери брезент менен жабылганына байланыштуу жүктөөгө тыюу салынганын айтышкан.
Кытай тараптан алдын ала эл аралык ташууну жүзөгө ашырууган чиркегичтер жана жарым чиркегичтер брезент менен жабууга тыюу салуу боюнча расмий билдирүү келип түшкөн эмес. Азыркы учурда министрликтин кытай тарапка жолдогон суроосуна жооп келе элек.
Кеңешменин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басарын кырдаалды иликтөө максатында КЭР жөнөтүү, ошондон кийин гана тийиштүү чаралар көрүлөрү тууралуу чечим кабыл алынды.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандан барган 40 жүк ташуучу унаа 27-февралдан бери Кытайга кире албай артка кайтышкан. Буга көзөмөлчүлөрдүн унаанын контейнерлери темирден болсун деген талабы себеп.
Аяна БЕРДИКУЛОВА, ОШ.