Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборуна 6 медицианылк аппарат алынып келинди.
Жаңы аппараттар менен УЗИ, кольпоскоп, диагностикалык гисероскоп, микроскоп, центрифуга канды биохимиялык анализдөө кызматтарын жүргүзүүгө болот.
Ал Жапония мамлекетинен «Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу» долбоорунун алкагында гранттык негизде каржыланган. Жалпы 85 миң доллар сарпталган.
Эскерте кетсе, облуска өткөн жумада мобилдүү клиника алынып келинген. Көчмө клиника аймактарды кыдырып, жеринде анализ чыгаруу жана ооруларды аныктоо сыяктуу мүмкунчүлүк жаралды.
Аяна БЕРДИКУЛОВА.