Жакында Баткен шаарында “Тарых жана маданият” жылына карата Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына караштуу түштүк аймактык казыяттар арасында “Спорт ынтымакты, биримдикти бекемдейт жана спорт экстремизм, терроризмге каршы” аталышындагы спорттук мелдеш болуп өттү.
Мелдешке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун жана Ош облусунун ошондой эле Баткен облусунун казыят кызматкерлери катышты.
Казыяттар арасында кичи футбол мелдеши кызуу жүрүп, жыйынтыгында Жалал-Абад облустук казыяты 1-орунга озуп чыгып, кубок ээ болду. Ал эми 2-орунду Баткен облустук казыяты, 3-орунду Ош шаардык жана Ош облустук казыяты ээледи.Ошондой эле волейбол оюну боюнча мелдеште Ош облустук казыяты 1-орунду, Жалал-Абад облустук казыяты 2-орунду, Баткен облустук казыяты 3-орунду камсыз кылды.
Жеңишке ээ болгон жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер менен дипломдор тапшырылды.