Жалал-Абад облусунда кургак учукка кабылгандардын саны 12%га өстү. Ооруга чалдыккандардын басымдуусу миграцияда жүргөндөр дейт дарыгерлер. 2016-жылы өлкө сыртынан келген 200 гө жакын адамдан кургак учук илдети аныкталган. Оорунун кесепетинен 53 адам каза болгон.
Учурда облустук кургак учукка каршы борборунда 335 адам дарыланып жатат. Ушул жылы аталган ооруга 981 адам кабылып, мурдагы жылга караганда 113 кишиге көбөйгөн.
Дарыгерлер ооруга биринчи ирет кабылгандарды аныктоо өтө маанилүү экенин айтышат. Анткени жарандар оорунун белгилери билингенде дарыгерге кайрылууга батына беришпейт. Анын айынан оору күчөп, өлүм менен аякташы мүмкүн.
“Кургак учук оорусуна биринчи жолу чалдыккандарды аныктоо өтө маанилүү. Ошондуктан бул багытта аракеттер күчөтүлөт. Учурда аталган борборго жаңы медициналык жабдуулар алынып келине баштады. Анын жардамында адамдын организиминдеги пайда боло баштаган кургак учуктун таякчалары тез убакытта аныктоого болот”,-дейт Жалал-Абад облустук кургак учук борборунун директору Бурулкан Кадырова.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр арасында кургак учуккка кабылгандар азайгандыгы байкалат. Бул оорунун алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт. 15-марттан тарта кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлыгы башталды.
Аяна БЕРДИКУЛОВА.