Бүгүн, 17-март эртең мененки саат 8:43. Аксы районунун Бозбиек айылында "Аксы окуясынын" 15 жылдыгын эскерүүгө даярдыктар көрүлүүдө.
Ушул тапта Аксы окуясында каза болгондордун урматына курулган "Шейит" мазарында эскерүү кечесине карата гүл кою аземине аскерлердин даярдыгы жана жергиликтүү тургундардын плакаттары илинип, жергиликтүү тургундар мазар алдына топтолушууда.
Белгилей кетсек, "Аксы" окуясы - 2002-жылы Аксы районунда болгон окуя. 2002-жылы 17-мартта Үзөңгү-Кууштун Кытайгаберилишне каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Андан 4 киши курман болгон. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору Кербенде милициянын огунан бир жигит, токмогунан дагы бир киши каза тапкан.