2017-жылдын 26-мартында Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай айылындагы Топ-Жангак участкасында узундугу болжол менен 800 метр, бийиктиги 4-15 метр чейин жер 120 метр аралыкка чейин сүрүлүп түшүп, 1 турак-жайды 6 адамы менен (үй ээси, аялы жана 4 баласын) басып калган.
Алдын ала алган маалымат боюнча көчкү алдында калган жарандардын тизмеси: (маалымат такталгандан кийин жарандардын аты-жөнү өзгөрүлүүсү мүмкүн).
1. Эгемкулов Өмүрзак Амиракулович 1988-жылы туулган (үй ээси); 2.Сулайманова Гүлайим 1989- жылы туулган (аялы); 3.Амиракулова Аксана 2010- жылы туулган (кызы); 4.Амиракулова Айгерим 2011- жылы туулган (кызы); 5.Амиракулов Жыргал 2013- жылы туулган (уулу); 6.Амиракулова Раяна 2015- жылы туулган (кызы).
Өзгөчө кырдаал катталган жерге саат 07:50дө КР ӨКМнин Өзгөн райондук өрткө каршы куткаруу кызматынан куткаруучулары, медицина кызматынан 2 (эки) дарыгер, 1 (бир) фелдшер, инженердик кызматынан 3(үч) кызматкер, РИИБнөн 1(бир) кызматкери менен КР ӨКМнин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы улук лейтенант Н.Кулмаматов жерине барышкан.
Ошондой эле саат 08:30да КР ӨКМнин Ош облустук боюнча башкармалыгынын башчысы майор Д.Каримов, КР ӨКМнин Мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы А.Козубаев, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 35 (отуз беш) куткаруучу жеринде куткаруу иш-чараларын жүргүзүүгө барышкан.
Азыркы учурда жер көчкүнүн абалы суюк ылай болгондуктан куткаруу иш-чаралары баштала элек.
Андан сыркары саат 10:20да КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан көчмө башкаруу пункту (ППУ) подполковник А. Рыскелдиев жетектеген ыкчам топ жана кырдаалды жеринен маалыматты чагылдырып, берип туруу үчүн чыгышып жолдо бара жатышат.
Өзгөн районунун борборунан Топ-Жаңгак участкасына чейин 31 чакырымды түзөт анын ичинен 5 чакырым аралыкка унаа бара албагандыктан жөө же атчан баруу керек.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов жеринде кечиктирилгиз иш чараларын жүргүзүү үчүн, жөнөп кеткени маалым болду.
Жанна Аскарова
Ош