Быйылкы жылдын 10 айында Кыргызстандын чек арасын Өзбекстандын жарандары 5 жолу мыйзамсыз бузуп өтүшкөн. Бул тууралуу маалымат Аксы райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) тарабынан ырасталды.
Билдирүүгө ылайык, чек араны бузуп, мыйзамсыз өтүү боюнча беш кылмыш иши козголуп, 5 Өзбек жараны сот жоопкерчилигине тартылган. Андан сырткары 8 жаранга административдик жол менен 80 миң сом айып салынган.
Аксы РИИБү белгилегендей чек араны мыйзамсыз бузган жарандар Кыргызстанга жумуш издеп өтүшкөн.
Каныкей КУБАНЫЧЕВА, "Взгляд" Аксы району