Бүгүн, 26-мартта Ош шаарында ITF таэквондо боюнча шаардын ачык биринчилиги өттү. Ага Ош облусунун жана Ош шаарынын спортчулары катышты. Мелдештин ачылыш аземине Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Улан Авазбеков, спортчулар жана спорт күйөрмандары катышты.
Таймашка 6 жаштан 18 жашка чейинки 150гө жакын спорчулар катышып, 21 салмак категория боюнча мелдешти.
Жеңүүчүлөргө шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан мелдалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.
Башкы калыс, машыктыруучу Фарух Садыковдун айтымында мелештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет.