Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын 2017-жыл 26-март күнү саат 04:20 чамасында Ничке-Сай айылынын Топ-Жангак участкасында узуну болжол менен 800 метр, туурасы 70 метр, бийиктиги 8 метр жер 120 метр аралыкка чейин көлөмү болжол менен 500 000м³ жер көчкү жүрүп, 1 турак-жайды 6 адамы менен (үй ээси, аялы жана 4 баласын) басып калган.
Көчкү алдында калган Эгемкулов Өмүрзактын атасы Эгемкулов Амиракулдун турак үйү жайгашкан жер 1996-жылы 16-майда ӨКМдин адистери тарабынан изилденип, жер көчкү коркунучу бар тилке деп табылгандыктан тез арада коопсуз аймакка көчүрүү зарылдыгы келип чыккан. КР Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-ноябрындагы №374 буйругунун жана №390 токтомунун негизинде жер көчкү коркунучу бар аймактан көчүрүүлүгө тийиш үй-бүлөлөрдүн тизмесине киргизилип, ссуда алып үйүн бузуп Ничке-Сай суусунун оң жээгине турак үй салып көчүп чыгып кеткен. Каза болгон Эгемкулов Өмүрзак атасынын эски үйүнүн ордуна 2010-жылы 2 бөлмөлүү үй салып жашап жаткан.
Өзгөчө кырдаалдар катталган жерде КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, КР ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы, Мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 5 кызматкер, 1 КБП унаасы, КР ӨКМ Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 48 куткаруучу, 1 КамАЗ, 1 спринтер унаасы, КР ӨКМ №53 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 4 куткаруучу, медицина кызматынан 2 врач, 1 фельдшер, инженердик кызматынан 3 кызматкер, РИИБнөн 9 кызматкер, райондук Электр тарамактар ишканасынан 1 бригада тартылган.
2017-жылдын 27-мартында каза болгон жарандардын туугандарынын катышуусунда жеринде жыйналыш өткөрүлүп, издөө иштерине кооптуу абал жаралгандыктан издөө-куткаруу иштери көчкүнүн жылуусу токтоп жер кургаганга чейин убактылуу токтотулган.
Ничке-Сай айылына саат 06:00дө КР ӨКМ тарабынан КР ӨКМнин РӨКОнын 2 КамАЗ унаасына 24 куткаруучу, 30 (отуз) даана - 10 (он) орундук чатыр, 35 (отуз беш) коробка гигиеналык каражаттар жана 20 (жыйырма) даана от жагуучу мештер Ничке-Сай айылына жеткирилген.
Ничке-Сай айылында кооптуу аймакта жайгашкан 25 турак жайдын жашоочуларын башка коопсуз жерге көчүрүү үчүн, С.Кадыров атындагы орто мектептин стадионуна куткаруучулар тарабынан 25 чатыр тигилип, 34 үй бүлөө жайгаштырылган. Ал эми 1-май айылына 5 чатыр жөнөтүлүп, кооптуу аймакта жайгашкан 5 турак жайдын жашоочулары жайгаштырылган.
Аталган чатырларга райондук Электр тармактар ишканасы тарабынан электр линиялары киргизилген.
2017-жылдын 28-март күнү саат 06:00дө Ош шаарынан КР ӨКМнин бириккен кампасынан КР ӨКМдин алдындагы ККББнун Форд (КБП) унаасында гуманитардык жардам катары 20 даана гигиеналык каражаттар Ничке-Сай айылына жөнөтүлгөн.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы