Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Садыр Жапаровдун “улуттук лидерге” айланганына таңданган. Мындай маалыматты саясат.kg сайты жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Момбеков Жапаровду тааныбастыгын жана ага эч кандай таарынычы жоктугун белгилеген.
“Төрт жолу мамлекеттик төңкөрүш жасагысы келген адамды “улуттук лидер” деп атадык”,- деп билдирген депутат.
Ошондой эле ал өз сөзүндө башка жактагы митингдерде кемпир-чал дебей сабалып жатканын айтып, “Дагы биздин милициялар гумандуулук кылышты”,- деп кошумчалаган.