Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:28
Сурамжылоо: катышуучулардын 80%ы Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүн колдогон
22:27
Акылбек Жапаров: Быйыл Кыргызстанга 10 миллионго жакын туристтердин келиши күтүлүүдө
22:24
Новосибирскте 7 млн рубль уурдоого шектелип жаткан кыргызстандык сот залынан бошотулду
22:22
Балбан Дастан Кадыров Бишкектеги ири турнирде алгачкы медалды алды
22:20
Гепатит менен күрөшүүдө Россия Кыргызстанга колдоо көрсөтүп келет
22:19
Режеп Эрдоган Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды
00:47
Футбол боюнча Азия Кубогу U-23: Кыргызстандын тандап алуу оюндарындагы атаандаштары аныкталды
00:44
Москвада Жапаров катышкан ЕЭКтин жыйынында 13 документке кол коюлду. Тизме
00:36
КР министри ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча чараларды сунуштады
22:50
Казак жараны Кыргызстандан мыйзамсыз түрдө 25 кг күмүш буюмдарды алып чыгууга аракет кылган
22:43
РФ менен КРдин Абадан коргонуучу тутумун түзүү. Мамдума келишимди жактырды
22:38
КР футбол командасы ноябрда дүйнө чемпионатынын тандоо турунда ойнойт
22:31
Президент Садыр Жапаров Москвага барат. Себеби
22:26
Кыргызстан менен Кытай биргелешип эки сериал тартат
22:02
Психолог кандай адам жалгыздыктан коркорун түшүндүрдү
21:54
Буттун тырмагы жай өсүп калат. Кандагы холестериндин көбөйүшүнүн белгилери
21:22
Оверчук: ислам мамлекеттери менен эркин соода аймагын түзүүнү сүйлөшүп жатабыз
16:35
Жапаров: Тажикстан менен достуктун духунда чек араны тактоого дилгирбиз
16:30
Кыргызстандык кыз-келиндер волейбол боюнча Азия зоналдык чемпионатына катышат
22:43
Кызматташуунун жаңы доору. Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту
22:41
Министрлик: тамеки, насыбай, кальян, электрондук чылымдын зыяны бирдей
15:34
Садыр Жапаров биринчи айым менен Кытайга учуп кетти
15:30
Кирешенин 30%ынан ашпаш керек. Адис насыядан туура кутулуунун жолун айтты
21:32
Базар-Коргондун Карача айылында турак үйлөрдү сел суулары каптады
21:30
Банктарга долларды сыртка накталай алып чыгууга уруксат берүү каралууда
21:18
Стоматолог: вейп чеккендердин онкологиялык ооруга чалдыгуу коркунучу жогору
21:34
Сауд Аравия кыргыз тарап жарыялаган долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар
00:00
Кыргызстандык боксчу дүйнө чемпионатында тарыхта биринчи ирет медаль утту
23:37
Садыр Жапаров Валентина Матвиенко менен жолугушту
23:34
Путин менен Жапаров биргелешкен билдирүү жасады. Урунттуу учурлар
21:11
КР ТИМ башчысы ШКУнун саммитинде бир нече маселе көтөрдү
21:09
Нарында согуш ардагерлерине президенттин атынан 100 миң сомдон берилди
21:06
Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси УКМКнын абагына киргизилди
21:02
Россия Судандан алты кыргызстандыкты эвакуациялады
20:57
КР жарандары долбоорлорун Санкт-Петербургда көрсөтө алат. Катышуу акысыз
20:36
Узакка созулган COVID-19 эмнеси менен кооптуу? Адистердин жообу
13:57
Россия Судандан өзүнүн жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын алып чыгууда
13:55
Дарыгер тузду ашыкча колдонуунун кесепетин айтты
14:17
Германиядагы кыргыз диаспорасына жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо көрсөтүү маселеси талкууланды
14:16
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж ТЭН даяр болуп, болжолдуу чыгымдар аныкталды
14:15
Кыргызстан менен Сауд Аравия футбол жаатында кызматташат. Документке кол коюлду
14:12
Бөлтүрүк жана башка кармалгандар мамлекетке 844,5 млн. сом төктү
16:55
Кыргызстандык спортчу Хайитхон Хусан кызы пара дзюдо боюнча Азия чемпиону болду
15:10
Эрдоган кыргызстандык куткаруучу менен элчиге жогорку сыйлык тапшырды
23:04
Бокс боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 13 спортчу катышат. Тизме
Бардык кабарлар

Сарпашев кызматтык абалына кыянаттык кылганбы?

Жаңылыктар / Кыргызстан
831
0

Сарпашев кызматтык абалына кыянаттык кылганбы?

 

Тайырбек Сарпашевге жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сарпашев вице-премьер болуп турганда Мамлекеттик каттоо кызматына келишим түзбөстөн экинчи тараптан туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланкаларын сатып алууга тапшырма берген. Анда 2013-жылы 28-мартта Мамлекеттик каттоо кызматы туулгандыгы тууралуу көбүлүктүн бланкаларын сатып алуу боюнча 8 миллион сомго тендер өткөрүп, ага "У." ААКы жана "Т.П" ЖЧКлары катышып, экинчиси жеңүүчү деп табылганы айтылат.

"Ушул эле жылдын 24-апрелинде Финансы министрлиги тендер өткөнү боюнча вице-премьер Сарпашевге кат жөнөткөн. Бирок 25-апрелде Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматына туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланктарын бир гана "У." ААКтын сатып алуу боюнча мыйзамсыз протоколдук тапшырма берген. Анын негизинде Мамкаттоонун ошол учурдагы жетекчиси тендердин жеңүүчүсү менен келишим түзбөстөн "Т.П." ЖЧКнын башкы директорун "У." ААКтан 40 миң даана бланкты сатып алууга мажбурлаган. Сатып алынган бланктар жарандык абал актыларын каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрүнө таратылып, жаңы төрөлгөн ымыркайларга берилген", — деп айтылат Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын жумушчу тобу Жарандык абал актыларын каттоо департаментинин 2015-жылдын 18-июнунан берки ишмердигин текшерип, сатып алынган бланктарда каталар бар экенин аныктаган.

"Бланктын "Туулгандыгы тууралуу күбөлүк" деген жеринде "Никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк" деп жазылган. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилгенден кийин 11 миң 690 жарандан арыз келип түшкөн. Алар чек арадан өтүүдө бир топ кыйынчылыктарга туш болуп, кайтадан Кыргызстанга депортацияланганын айтышкан", — деп жазылат маалыматта.

Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы 11 миң 690 күбөлүктү алмаштырып берди. Дагы 28 миң 312 даана күбөлүктү алмаштыруу кажет. Аталган кылмыш ишин иликтөө УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырылган. Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы Ульяна Пакка тиешелүү кыймылсыз мүлктү камактан чыгарууга буйрук берген деп айыптап, аны кызмат ордунан алуу боюнча өкмөт башчыга сунуш жөнөткөн. Тайырбек Сарпашев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атына убактылуу отставкага кетүү боюнча арыз жазып, өкмөт башчы анын сунушун орундаткан болчу. Бул ишти иликтеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссия дагы түзүлгөн

Булак: https://sputnik.kg/

скачать dle 11.0фильмы бесплатно