Бүгүн, 31-мартта «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында бул маселе каралып, бир катар сунуштар айтылды.
Ош-Исфана жолундагы Көк-Талаа – Пүлгөн участкасында акыркы учурларда болуп жаткан жол кырсыктары жана бул участканын азыркы абалы боюнча КР транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, КР Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов, Кадамжай шаарынын экс- мэри Асанбай Пазылов маалымат беришти.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Көк-Талаа – Пүлгөн жолундагы учаскасынын 123 чакырымы (Кадамжай шаарынын кире бериши) боюнча жумушчу топ түзүлүп иликтенип чыкканын, бул тилке жол стандарттарына толук жооп берерин билдирди. Аталган тилкедеги Г түрүндөгү бурулуштан автоунаалар катуу ылдамдык менен өтүшкөндүгүнөн жана унаалардын техникалык абалынын жакшы болбогондугунан кырсык болуп жатканын белгиледи. Министрдин айтымында, аталган Г түрүндөгү кайрылышка кошумча бетон дубалдарын тургузуу иштери башталмакчы
.
Жол кырсыгы көп катталып жаткан бул участка менен таанышып келген Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов 123 чакырымдан сырткары, бул аймактын 108, 125, 126-чакырымдары дагы жол кырсыгына абдан кооптуу тилкелер экенине токтолду. Ал эми Кадамжай шаарынын экс мэри Асанбай Пазылов болсо аталган чакырымдарда акыркы жылдары эле бир нече адамдын өмүрүн алган 30дан ашуун жол кырсыгы катталганын айтып, бүгүнкү күндө тиешелүү министрликтин жол долбоорлоо институту эски советтик стандарт менен иш алпарып жатканын сынга алды. “Г түрүндөгү бурулушка курула турган бетон дубалдарына эми айдоочулар түз эле келип чапташат. Муну менен көйгөй чечилбейт”,- деген А.Пазылов кырсык болуп жаткан тилкелердин ордуна альтернативдүү жол салуу керектигин, буга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
“Бир жерден эле ай сайын экиден кырсык болуп жатса, демек, жолдун кайсы бир жеринде кемчилик бар да”,- дейт депутат Исхак Масалиев. Депутат бул участканы долбоорлодон баштап колдонууга берилишине чейин прокуратура кызматы текшерип чыгышын сунуштады. Депутат Алтынбек Жунус уулу дагы кесиптешинин пикирин колдоп, күйүүчү май тартуучу чиркегичтери бар унаалар боюнча өзүнчө тапшырма берүү керек дейт. Депутат Зиядин Жамалдинов болсо катуу ылдамдыктарды алдын алуу үчүн 123-чакырымга чейинки кырга МАИ постун коюу керектигин ортого салды.
Жыйынтыгында фракция депутаттары тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен жол кырсыгы көп катталган бул тилкеге альтернативдүү жол салуу боюнча КР Өкмөтүнө долбоор иштеп чыгууну табыштоо чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, аталган маселени депутат Исхак Масалиев демилгелеп, фракция жыйынына алып чыккан.
Эске салсак, акыркы эле бир айдын ичинде Көк-Талаа – Пүлгөн участкасынын 123- чакырымында эки башка кырсык катталган. Күйүүчү май ташыган унаа менен, аскер унаасы жаңыдан курулуп жаткан үйдү сүзүп токтошкон.
Булак: www.kenesh.kg